Бишкек, Ынтымак Ордо, 2026-жылдын 28-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев шайкештик сертификаттарды берүүнүн автоматташтырылган системасын ишке киргизүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун өкүлдөрү сөз болуп жаткан системаны иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
МинКаб Төрагасына маалыматтык системанын өз ара аракеттенүүсү жана интеграцияланышына байланыштуу техникалык маселелер, ошондой эле тиешелүү документтерди иштеп чыгуу жана берүү тартиби тууралуу маалымат берилди.
Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.
Маалымат булагы gov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: