«КУЭТ» ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасы райондук электр тармактарына жаңы техникаларды бөлүштүрүп берди. Эки эксковатор Түп жана Тоң, ал эми эки манипулятор Чолпон-Ата жана Ак-Суу райондук электр тармактарына тапшырылды.
Эскерте кетсек, ишкана боюнча автопарктын эскилиги 60-70 пайызды түзөт, бирок жылдан жылга “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКу тарабынан техникалар жаңыртылып, энергетиктерге шарттар түзүлүп, техникага болгон муктаждыктар чечиле баштады . Мисалы 2023-жылы Ысык-Көл электр тармактар ишканасына жалпы 11 даана жаңы техника келсе, 2024 –жылдын башынан бери 7 даана жаңы техника келип, райондук электр тармактарга бөлүштүрүлүп берилген.
Жаңы техникалар энергетика тармагында жумуш ыргагын тездетип, тейлөөнүн сапатын жакшыртат жана күз-кыш мезгилине өз убагында жакшы даярданууга өбөлгө түзүп, электр энергия менен камсыздоонун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.
Источник: Иссык-Кульское предприятие электрических сетей.
Источник – Сайт города Каракол
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: