«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде юридикалык жактарды каттоо юстиция органдары тарабынан жүргүзүлөт.
   Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоонун жана мыйзамдарды де-бюрократизациялоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» өзгөртүүлөрдү киргизүү «Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Белгиленген Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана 2023-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган.
   Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо тартиби жөнүндө» жобонун долбоору иштелип чыккан, анда каттоо системасына байланыштуу деталдуу жоболор жөнгө салынган.
   Бул «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо тартиби жөнүндө» жобонун долбоору 2023-жылдын 31-мартында № 178 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен кабыл алынды жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу «Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп тапкан күндөн 2023-жылдын 3-апрелинен тартып күчүнө кирет.
 
Токтомдун негизги жаңылыктары:
– юридикалык жактарды каттоо мөөнөттөрүн кыскартуу
– чет өлкөлүк юридикалык жактарга каттоо тартибин жөнөкөйлөтүү
– мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн ордуна маалымкат (күбөлүк) берүү
– каттоочу орган тарабынан мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жок кылуу ж. б.
 
   Каттоочу орган (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин) тарабынан чечимдерди ушул Жобого ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлдү.
   2023-жылдын 3-апрелиндеги № 64 «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен:
– юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) жана иш аракеттин токтотулгандыгын каттоо жөнүндө маалымкаттын (күбөлүктүн) техникалык өзгөчөлүктөрү;
– юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) жана иш аракеттин токтотулгандыгын каттоо жөнүндө маалымкаттын (күбөлүктүн) техникалык сүрөттөлүшү;
– мөөрлөрдү жана штамптарды жок кылуу жөнүндө тартип, катталуучу (кайра катталуучу) юридикалык жактардын;
– филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) аталыштарын алдын ала текшерүүнүн тартиби;
– юридикалык даректин менчик ээсинин же ижарачынын макулдугунун формасынын үлгүсү;
– юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү жөнүндө тартиби;
– коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставдары бекитилди.
 
   «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо тартиби жөнүндө» Жобо жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 64-буйругу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтында жайгаштырылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.