Административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүмү тарабынан аткарылган иш-чаралар
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын Административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Агенттиктин административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүмү укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча укуктук колдоо көрсөтүү сектору менен биргеликте айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык кеңештердин ишин уюштуруу жөнүндө убактылуу жобо иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 87 “Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык кеңештердин ишин уюштуруу жөнүндө” Жарлыгы менен кабыл алынды.
Ошондой эле айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жөнүндө убактылуу жобо иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 “Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө” Токтому менен кабыл алынды.
Андан сырткары административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы В. Исалиева Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Агенттик тарабынан түзүлгѳн жумушчу топтун курамында Ысык-Кѳл облусунун Түп районундагы бириктирилген айыл аймактарга барып, окутууларды ѳткѳрүп келишти.
Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: