Бүгүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинде коллегия болуп, анда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер боюнча отчеттор угулуп, көйгөйлүү маселелер талкууланды.
Коллегияда каралган негизги аспектилердин бири Юстиция министрлигинин соттук-эксперттик ишмердүүлүктү реформалоо, адвокатура, нотариат жана апостиль коюу боюнча иши болду. КРнын юстиция министри Аяз Баетов бул жаатта аткарылган алгылыктуу иштерди белгилеп, реформаларды логикалык жыйынтыкка жеткирүү зарылдыгын белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле төмөнкү багыттар боюнча баяндамалар угулду:
Жаза аткаруу кызматы, коллегияда баяндамачы болуп ЖАКнын төрагасы – Эгембердиев А.Р. Маалыматты уккандан кийин КРнын юстиция министри мекемелердин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштердин оң динамикасын белгиледи.
Ошондой эле, иштин жыйынтыгы менен экономикалык мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы С.Т. Ызакова жана жобо жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы А.А. Айталиева маалымат бөлүштү.
Коллегиянын ишинин соңунда Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары А.Зарылбек уулу коллегиянын чечимдеринин аткарылышы жана юстиция министри тарабынан берилген тапшырмалар боюнча баяндама жасады.
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы канааттандырарлык деп табылды. Коллегиянын жүрүшүндө ведомстволук процесстерди өркүндөтүү жана реформаларды алдыга жылдыруу белгиленди.
2023-жылдын экинчи жарым жылдыгына бекитилген пландын негизинде иш улантылып, алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн максималдуу күч-аракеттер жумшалат.
Источник – Министерство юстиции Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: