КР Юстиция министринин орун басары И.Сыдыгалиев КМШга мүчө-мамлекеттердин Юстиция министрлер кеңешинин кезектеги отурумга катышты

2024-жылдын 17-октябрында КР Юстиция министринин орун басары И.Сыдыгалиев Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Юстиция министрлер кеңешинин 18-жыйынына катышты.  

Отурум Өзбекстан Республикасынын Юстиция министрлигинин төрагалыгы астында өтүп, ага Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын юстиция министрлери катышты.  

Отурумдун жүрүшүндө биргелешкен демилгелер талкууланып, юстиция министрликтеринин ишинин актуалдуу аспектилери боюнча пикир алмашуу болду. Катышуучулар Шериктештик мейкиндигинде укуктук агартуу, анын ичинде жаштарды укуктук тарбиялоо жана мамлекеттик бийлик органдарынын юридикалык кызматтарынын сапатын жогорулатуу маселелерин карашты.  

И.Сыдыгалиев өз баяндамасында мамлекеттик органдардын юридикалык кызматтарынын квалификациясын жогорулатуу боюнча ведомствонун иши жана мамлекеттик органдардын ченем жаратуу ишин жана алардын юридикалык кызматтарынын методологиялык камсыздалышын жакшыртуучу маалыматтык технологияларды киргизүү жөнүндө айтып берди. Ошондой эле анын баяндамасында билим берүү системасы аркылуу жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу жана укуктук жардам көрсөтүүдө жасалма интеллектти колдонуу тематикасы козголду.  

Отурумдун жыйынтыгы боюнча кеңештин чечимдерине, анын ичинде үстүбүздөгү жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгына жана 2025-жылга карата пландарына кол коюлду.

Источник – Министерство юстиции Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.