2023-жылдын 4-майында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдык маарекесине арналган бир күндүк республикалык акция өттү.
Ушуну менен бирге, аталган акциянын алкагында Ош мамлекеттик университетинин студенттерине жана Каракол шаарынын Юридикалык колледжинин, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылындагы орто мектебинин окуучуларына конституциялык укуктар боюнча лекция өткөрүлүп, талкуу жүргүзүлдү.
Акция учурунда, «Кыргызстан юридикалык клиникалар ассоциациясы» ЮЖБсы жана «Борбордук Азия Юристер Лигасы» коомдук бирикмесинин студенттери менен биргеликте флэшмоб өттү.
Мындан тышкары, акциянын алкагында мектеп окуучулар арасында өткөрүлгөн «Менин конституциялык укуктарым» аттуу видеосынактын жеӊүүчүлөрүнө «Раритет» китеп дүкөнүнүн сертификаттары тапшырылды.



Source – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: