Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны болду

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү. 

Жыйындын жүрүшүндө адам укуктарын коргоонун актуалдуу маселелери, анын ичинде 2022-жылдын ноябрында кабыл алынган 2022-2024-жылдарга карата адам укуктары боюнча иш-аракеттер планын узартуу талкууланды.  

Отурумдун жыйынтыгында МинКаб Төрагасынын орун басары мамлекеттик органдарга адам укуктарын коргоо жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча иштерди улантууну тапшырды.

Источник – Министерство юстиции Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.