16-июлда Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Года Хидэки мырза, ошондой эле Япониянын Юстиция министрлигинин укуктук маселелер боюнча илимий-изилдөө институтунун эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн профессору Такахаси Казуаки менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н.Жапаровдун Японияга мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы укуктук чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө Меморандумду мындан ары ишке ашыруу маселелери талкууланды (2023-жылдын17-20-ноябрь).

Өз кезегинде жапон тарап эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындан аркы эки тараптуу кызматташууга ишеним билдирди.

Источник – Министерство юстиции Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.