Юстиция министрлиги көчмө жыйын өткөрүп, “Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштады. Юстиция министрлигинин демилгеси соттук отурумдарды түз алып көрсөтүүнү киргизүү жана соттук териштирүүлөр учурунда аудио-видео жазууну милдеттүү түрдө колдонууга багытталган.

 Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Юстиция жана Санариптик өнүктүрүү министрлери, ошондой эле Япониянын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр катышты.

 Жолугушуунун катышуучуларына сунушталган реформаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон инфраструктура көрсөтүлдү. Көчмө топ СИЗО-1ге жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна барып, реалдуу соттук отурумдардын жүрүшүндө видеоконференцбайланыш (ВКБ) кандай иштеп жатканын көрсөтүштү.

 Юстиция министри А.Баетов соттук отурумдарды онлайн-көрсөтүү жөнүндө мыйзам долбоору кызыкдар тараптарга жана коомчулукка маалымдоо менен сот процессинин ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатарын билдирди. Министр өз сөзүндө «Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, бул сот процесстерин онлайн өткөрүүгө карай маанилүү кадам болот, бардык жазуулар сакталат, ал эми сот отурумун видеого тартуу процесстин бардык катышуучулары үчүн иш стандарттарын камсыз кылат», – деп белгиледи А.Баетов.

 Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Кожокулова сот процесстерин онлайн берүү жана аудио-видео жазууларды колдонуу учурдун талабына жооп берип, сот системасын өркүндөтүү үчүн зарыл экендигин баса белгиледи.

 Мындан тышкары көчмө топ түзөтүү мекемелериндеги кырдаалга ыкчам көз салынып турган Жаза аткаруу кызматынын Мониторинг жана талдоо борборунда болду. Кеңешменин катышуучуларына кызматтык-аткаруучулук тартипти жакшыртуу, айыпкерлердин жана соттолгондордун укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу үчүн ЖАКка жасалма интеллекттин пилоттук киргизүүсү көрсөтүлдү.

Источник – Министерство юстиции Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.