2023-жылдын 16-майында Юстминде соттук-эксперттик ишмердүүлүктү өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө Юстмин тарабынан
– соттук эксперттерди сертификациялоо;
– соттук экспертизаны жүргүзүүдө бирдиктүү методологияны иштеп чыгуу;
– соттук-эксперттик ишти андан ары өркүндөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тартууланды.
Ошондой эле, катышуучулар Кыргыз Республикасынын УКМК, ИИМ, ССМ, ЮМне караштуу СЭКнын жана мамлекеттик эмес эксперттик уюмдардын эксперттик бөлүмдөрүнүн техникалык жабдылышын жакшыртуу маселелерин талкуулашты.
Белгилей кетсек, бул жумушчу топ КРнын Президентинин «КРнын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишмердигин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө» 2021-жылдын 31- мартындагы №83 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн.
Источник – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: