Бишкекте Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу академиясы (БАЖӨБА) “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүк программасынын колдоосу менен “ЖӨБ органдары менен БАЖӨБАнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү” темасында ачык талкуу өткөрдү.
Иш-чараны КР Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту биргелешип уюштурган.
Талкууга Республиканын 6 облусунан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 60ка жакын өкүлдөрү, окутуучулар жана БАЖӨБАнын жергиликтүү өнүктүрүүбоюнча Консультанттардын улуттук тармагынын мүчөлөрү, улуттук эксперттер жана эл аралык өнөктөштөр катышты.
Жолугушуунун катышуучулары ЖӨБ органдары үчүн БАЖӨБАнын окутуу кызматтарынын артыкчылыктарын талкуулашты, 8 популярдуу курстар көрсөтүлүп, окутуучулар катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.
Ошондой эле панелдик талкуулар болуп, анда БАЖӨБА жана Консультанттардынулуттук тармагы менен кызматташууну өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар талкууланып, өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин негизги сунуштары консультанттардын заманбап маалымат базасын түзүү, туруктуу жолугушуу аянтчаларын жана коммуникация аянтчаларын уюштуруу, консультациялык жана окутуу курстарынын спектрин кеңейтүү, ошондой эле Ачык эшик күндөрүн өткөрүүнү камтыды.
Иш-чаранын катышуучулары анын пайдалуулугу жогору экендигин белгилеп, алынган маалыматты өз райондорундагы кесиптештерине жеткирүү ниетин билдиришти.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: