2018-жылдын 2-ноябрында КР БШК “Бир Бол” саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу БШК аппаратынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Шадиевдин “Бир Бол” парламенттик фракциясынан чыгуу жөнүндө жеке арызынын негизинде,  парламенттик фракциясынын 2018-жылдын 1-ноябрындагы чечими менен чыгарылган.

Парламентте депутаттык мандаты бош калгандыгына байланыштуу, мандат тизмедеги кезеги боюнча кийинки Эрмамат Тагаевге берилди. Ага Жогорку Кеңештин күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Эскертсек, УКМКнын маалыматы боюнча, Шадиев 2018-жылдын 27-апрелинде Баткен облусунун Исфана шаарына өлүк коюуу зыйнатына барып, андан ары Лейлек районуна карашту Арка айылы (көзөмөлгө алынбаган участоктор) аркылуу Тажикстан Республикасы тарапка чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Качып кеткен депутатка КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту, 4-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сыртынан айып тагылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.