4-октябрда өткөн шайлоого 1 млн. 980 миң 240 шайлоочу катышты, бул 56,2% түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка боюнча, 2 475 же 97,25% шайлоо участокторунун 2 407ин добуштары саналды. Калган шайлоо участокторунун чоң бөлүгү чет өлкөлөрдө.
Аймактарга бөлгөндө шайлоочулардын келиши мындай болду:
- Бишкек шаары – 55,15%;
- Ош шаары – 68,3%;
- Жалал-Абад облусу – 57,85%;
- Ысык-Көл облусу – 52,36%;
- Нарын облусу – 55,56%;
- Ош облусу – 58,45%;
- Талас облусу – 59,41%;
- Чуй облусу – 54,72%;
- Баткен облусу – 50,34%;
- Чет өлкөлөрдө добуш берүү – 26,74%.
Автоматтык түрдө эсептөөчү урнанын (АЭУ) маалыматы боюнча 2020-жылдын 4-октябрына карата 7 пайыздык босогодон 4 партия өттү:
- «Биримдик» – 24, 54%;
- «Мекеним Кыргызстан» – 23,9%;
- «Кыргызстан» – 8,74%;
- «Бутун Кыргызстан» – 7,09 %.
Булардын артынан келе жаткандар:
- «Мекенчил» – 6,84%;
- «Республика» – 5,81%;
- «Ата Мекен» – 4,02%;
- «Ыйман Нуру» – 3,35%;
- «Бир-Бол» – 3,03%;
- «Чон казат» – 2,33%;
- «Замандаш» – 2,15%;
- Социал-демократтар – 2,12%;
- «Реформа» – 1,64%;
- «Мекен Ынтымагы» – 0,63%;
- «Ордо» – 0,22%;
- «Афганистан согушунун жана башка локалдык согуштук конфликттердин ардагерлеринин саясый партиясы” — 0,17%;
- Бардыгына каршы -1,8%.
БШК төрайымы Н. Шайлдабекованын айтымында, жумушчу топтор иштерин улантып жатышат, добуштарды кол менен саноо жүрүүдө. Бюллетендер аймактык шайлоо комиссияларына саат 06.00гө чейин түшүүсү керек. Ошондой эле аймактык шайлоо комиссиялары конкреттүү участоктордо добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча арыздарды жана даттанууларды да карашат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: