Эртен, 13-апрелде «Республика – Ата-Журт» фракциясынын мурдагы лидери Ѳмүрбек Бабанов өлкөгө келүүсү күтүлүүдө. Анын урматына Ысык-Көл облусунун борборуна 2 миӊге жакын адам чогулуп, тынчтык чогулушун өткрүшөт. Бул тууралуу маалыматты партиянын Каракол шаарындагы өкүлү Марат Раматов билдирди.

Анын айтымында, тынчтык митингди өткөрүү үчүн укук коргоо органдарына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мыйзам чегинде кайрылуу жасалып, жооп күтүшүүдө. Ал эми коомдук саясий тартип башаламандыкка жол берилбестигине кепилдик берилди.

«Ѳлкөгө Ѳмүрбек Бабановдун келүүсүн жергиликтүү шайлоочулар чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Андыктан эртен, күндүзгү 14:00дөн кечке чейин активдер чогулуп, онлайн трансляция жасоо алдында турабыз. Эч кандай башаламандыкка жол берилбейт. Эгер кимде ким мыйзам бузууга барса ал адамдарды укук коргоо органдарга өзүбүз өткөрүп беребиз»,-деди Раматов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.