Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин жоюу боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиевге кайрылды.
Анын айтымында, экс-президентт Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин жоюу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн себептен, 2011-жылдагы шайлоо боюнча маалымат берүүнү чечкен.
«2019-жылдын 12-июнунда депутат К. Исаев Атамбаев шайлоодон кийин мультимиллионер болгон деп айтып чыкты. Мен анын сөздөрүн тастыктайм, анткени, ал менден карызга $500 миң сураган. Атамбаев каражаты аздыгынан мага кайрылган. Шайлоодон кийин карызымды кайтарып бер деп кайрылсам, анын мамилеси 180 градуска каршы айланды…
…Парламенттик коалицияны түзүү учурунда, премьер-министрдин кызматына Ө.Бабанов, мен, Нариман Түлеев жана Р.Жээнбсков тадапкер болгонбуз. Мен үчүн 26 добуш бергенден кийин Атамбаев мени саясий сахнадан биротоло жоготконго аракет кылды…
…Бир айдан кийин менин атам, туугандарым жана балдарыма карата негизсиз текшерүүлөр жүргүзүлө баштады, бизнесиме басым болум, мени кармоого буйрук берилген…», – деп Түлеев айтып берди.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: