ЖК депутаты Игорь Чудинов соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Бул тууралу БШКнын маалымат бөлүмү билдирет.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы өкүмү менен ИгорьЧудинов Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү менен каралган кылмышты жасоого күнөөлүү деп табылып, жаза катары 5 миллион сом айып салынган.

БШК 2018-жылдын 14-июнунда ЖК депутаты И.В. Чудиновдун ыйгарым укуктарын мөөнүнөн мурда токтотуу боюнча токтом кабыл алды.

Бошогон мандат Бактыбек Турусбековко берилет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.