КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төш белгилерин 10000 нускада даярдалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, төш белгилери спектрдик талдоодон өтүп, сапаты жана өлчөмү конкурстук документтердин техникалык талаптарына ылайык келет. Төш белгилери жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына  тапшыруу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилет.

Жалпысынан төш белгилерди даярдоо үчүн 740 миң сом салпталган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.