4-сентябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарынын биринчи отурумунан кийин “Апрель” телеканалынын кабарчылары эл өкүлдөрүнөн мамлекеттик гимнин аткарып берүүсүн сураган.
Бирок Чыныбай Турсунбековтон башкалары гимнди ката менен ырдашты. Кээ бир депутаттар гимнди тепкичтен ырдабайт деген шылтоо менен качты.
Депутат Пархат Тулендыбаев: “Депутат Пархат Тулендыбаев: “Биз бул жерде жөн эле отурабызбы? Гимнди билебиз”, – деп гимнди көп ката менен ырдады.
Соцтармакта катуу сынга алынгандан кийин, депутат гимнди кайрадан жаттап ырдап берди.
“Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн башкы символдорунун бири болгон гимнди туура эмес аткарганым үчүн элден кечирим сурайм. Парламент депутаты катары мен үчүн бул жол берилгис көрүнүш. Мындан ары ушундай ката кетирбестен элибиз жана өлкөбүз үчүн эмгектенүүгө убада берем”, – деп Тулендыбаев кайрылды.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: