Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз социал-демокрактиялык партиясынын лидерлигинен кеткендигин жарыялаган. Бирок экс-пезидент саясаттан кетпейт. Бул тууралуу КСПДнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

«Албетте Алмазбек Атамбаев саясатта калат. Мыйзамга ылайык, экс-президент мамлекеттик жана партиялык кызматты ээлегенге укугу жок. Бирок, ак үйдүн кошоматчылары саясаттык ишмердикке тыюу салган жок. КСДПны жаш куралдаштардын колуна өткөрүп берди», – деди К. Жолдубаева.

Эскертсек, Президент Сооронбай Жээнбеков «КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга кол койгон.

Мыйзам Жогорку Кеңештин тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган. Аталган мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.