2019-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын кендери 5.3 млрд сомго өндүрүүнү көрсөттү. Статистика комитетинин айтмында, анын ичинен 2,7 млрд сом темир руданы чапчыйт. Өткөн жылга салыштырмалуу Ысык-Көл облусундагы өндүрүү 17%га жогорулаган. Айтылган аймакта Кыргызстандын экономикасынын флагманы Кумтөр ишмердигин алып барат. Расмий маалыматты карасак, 2018-жылы ишкананын салык жана башка милдеттүү төлөмдөрү 9.6 млрд сомду түзгөн. Жүздөгөн кызмат корсөтүү кичи ишканлар эмгектенип келет. Өлкөнүн ИПДнын 8.6% ушул ишканага келет.
Бирок, бул көрсөткүчтөр бизди канааттандырбайт. 2026-жылы кендин иши токтойт. Маселени канадалык «Центерра Голд» менен кыргыз өкмөт Стратегиялык келишимге кол коюп чечүүгө мүмкүн бар. Эгерде милдеттин баары аткарылса, ишкана кендин ишин улантууга толук көңүлүн бурмак. Келишимди аткаруу мөөнөтү 31-июлда аяктайт.
Эскертсек, Келишимдин шарттарды жакшылантып, 2017-жылдын сентябрь айында өкмөт менен макулдашылган. Бирок өкмөт алмашып, Кумтөр менен келишимди кайрадан карап чыгуу чечимин каьыл алган. Кендин кызматкерлери 31-мюлга чейин ишкананын тагдыры чечилип, ишмердик 2026-жылдан кийин да уланат деп үмүттөнөт.
«Кумордөгү алтын табуу көлөмү төмөндөйт, бирок кендин ишин улантууга аракет кылабыз. Ишкана 2030-2035-жылдарга чейин иштейт деп үмүттөнөбүз. Азырынча “КГК” геочалгындоо иштерин алып барат, – Жерүйгө иш сапары менен барган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилеген.
Эскертсек, 2018-жылы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКу чалгындоого $6,5 млн жумшаган. Астыбыздагы жылда $11,5 млн сарпталат. Андан сырткары, 2019-жылдын май-айында канадалык инвесторлор чалгындоого дагы $6 млн которгон. Бургулоо иштери 60 миң метр аянтын чапчып – Центральный, Түштүк-батыш, Сары-Тор участокторун чапчыган. Бул иштер Келишимдеги маселелер чечилгенден кийин башталган.

Активисттердин бутасы
Акыркы убакытта, экологиялык коопсуздукка байланышып тоо кен тармагынын ишмердиги активисттердин бутасына айланды. Экономикалык көрсөткүчтөр экинчи планга түртүлдү.
Эксперттер тоо кен тармагы экологияга таасирин берет деген ой менен маакул. Бирок стандарттар менен табяит сактоо нормаларын аткарса, коопсуздук азайтса болот.
«Азыр тоо кен ишканалардын ишин токтотуу боюнча көп сөз кылышат. Бирок биздин телефондрубуздун 70% тармактын жардамы менен жазалган. Ооба, алтынды өндүрүүдө тоолор бузулат, бирок ансыз болбойт. Мисалы, “Кумтөр” мөңгүлөрдү бузут деп айтышат. Бирок, алар музду бир жерден гана көчүрүшөт. Эгерде ал жерде иш болбосо муз өзү деле ээрип кетмек. 25 жылдын ичинде Кыргызстан ишкандан $4 млрд алды. Бул жаманбы?» – деп КР тоокенчилеринин ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев белгиледи.
Анын создөрүнө каршы болуу татаал: алтын техниканы чыгарууда көп колдонулат. Жөнөкөй эсептегичтерде да бар, ошондуктан бул металл көп жыл боюу керек болот. Дүйшеевдин айтымында, тармак өндүрүүдө эң татаал болуп саналат. Ошондуктан ага туура мамиле корсөтүү зарыл.
«Биз башында чоң катаа кылдык. 2007-жылы “Кумтөр” чалгындоого дүн кирешесинин 4% жумшайт деп макулдашканбыз. 2012-жылы муну алып салышкан. Бирок азыр бу иштерди кайра баштап өткөн жылы ишкана $6 млн жумшап, бул жылы $11,5 млн которгон. Мен илгертен бери Кыргызстанда чалгындоо иштерин өткөрүү керек деп айтып келем. Ал иштерге жылына 30 млн сом гана керек.Ойлонуп көрсөңөр бюджетке канча каражат түшпөй калды…», – деп Дуйшеев нааразы болду.
Тоо кенчи Кыргызстан кырдаалды оңдогонго мүмкүн бар деп ишенет. Биринчиден тармактын туруктуу иштөөсү керек. Иштин татаалдыгы үчүн кенчилерге бир нече жылга плндашатыруу туура келет. Бирок көптөгөн ишканалар чалыгндоо процессинде же аукциондок кийин иштебей калат.
Экологиянын, салыктардын, жумушчулардын тагдыры
Эксперт КР мыйзмандарын оңдоп, лицензия берүүнү тууралоо зарыл. Мыйзамдар кендерди жеке ишкерлерге берүүну колдойт, бирок алардын натыйжасын эч ким текшербейт. Бул кырдаал тоо кен тармагын экология менен коомчулуктун душманына айландырды.
2019-жылдын 31-июлунда Стратегиялык келишимдин шартын аткаруу мөөнөтү аяктайт. “Кумтөр” геочалгындоо иштерин активдүү өткөрүп жатат. Бул ишмердик кендин маанисин көрсөтүп жатканын айтат. Эгерде өкмөт менен инвестор маселени чечсе “Кумтөрдүн” иштөө мөөнөтү узаратиштөө мөөнөтү узарат – анда бюджетке түшкөн 9 млрд сом жоголбойт. 2700 кыргызстандык жумушсуз калбайт, кызмат көрсөткөн 600 ишкана кен менен кызматташууну уулантат. Андан сырткар, кендин дүң кирешесинин 1% бюджети тузүлгөн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду иштеп калат.
2017-жылдын Стратегиялык келишимине ылайык, Кумтөрдүн социалдык жоопкерчилиги жогорулайт. Инвестор Табиятты өнүктүрүү фондусуна $50 млн которот.
“КГК” менен кыргыз өкмөтү бир келишимге келсе, ишкананы экологиялык төлөмдөрүнүн көлөмү $3 млн чейин жогорулайт. Андан сырткары, Келишимдин милдетин аткарып «Центерра Голд» Кыргызстандын онкология кызматын колдоп $10 млн которот. Анын $7 млн медициналык жабдууларды сатып алууга берилген. Калган суммасы юрилдикалык жактан суроолорго чекит коюлганда которулат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: