2020-жылы кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин 7 чакырымынын депутаттарын шайлашат. Саясатчылар алдын ала даярданып быша элек мыйзам долбоорлорду сунуштап жатышат. Бул жерде көңүл Суу кодексине келип такалды. 2016-жылы парламент Давыдом менен Лысый мөңгүлөрдүн жанында иш алып барууга уруксат берип, 2019-жылы өзүнүн чечимин жокко чыгаруу демилгесин көтөрдү.

Серепчи Марс Сариев “Ата-Мекен” партиясынын демилгесин алардын кесиптештери, коомчулук колдобойт деп ишенет. Эксперттин айтымында, саясатчылар шайлоо жакындаганда аларга керектүү маселелерди көтөрүп коомду дуулдатышат.

«Ата-мекендиктердин демилеги өтпөйт деп коркпой айта алам. Саясатчылар ар кандай маселени өзүнө керек болгон кезде көтөрүп, Кыргызстандын кызыкчылыгын артка жылдырып салышат. Парламентарийлердин кадамы түшүнүктү: орчунду маселени табышып, ызы-чуу көтөрүшөт. Бул демилге бүт мөңгүлөргө тийиштүү, бирок маселе Лысый менен Давыдовдун ортосунда. Эмнеге депутаттар өзгөртүүлөрдү колдоп, азыр каршы болушат? Биздин саясатчылар туруктуу эмес, шайлоочулардын астында жоопкерчилиги жок», – деди Сариев.

Серепчи бул “патриотизмди” Кытайга каршы митингдер менен да байланыштырды. Анын айтымында, саясатчылар орчунду маселени курал кылып жазгырганды сонун билишет.

«Кыргызстанда эң башкы инвестор “Кумтөргө” катуу көңүл бурулганын жашырган болбойт. Эмнеге “Ата-Менендин” демилеси колдоо таппайт? Анткени, бул жерде бюджет түзүүчү ишкана жөнүндө сөз болуп жатат. Суу кодексиндеги өзгөртүүлөр бизди сотко алып барат. Андан сырткары, кыргыз өкмөтү да туруктуу эмес, алардын отставкасы кайрадан талкууда. Эгерде Суу кодексине бул өзгөртүүлөр кабыл алынса, окмөткө чоң согуу болот. Ушундай саясат оюндар инвесторлорду чочутуп жатканын бардыгы түшүнөт», – деп Марс Сариев пикирин айтты.

Эксперт Кыргызстанга инвестор тартып келүү боюнча президент менен премьер-министрдин тапшырмасын эскертти. Бирок мыйзам деңгээлинде ишке тоскоолдук кылуу өлкөнүн инвестициялык абалына таасирин берет.

«Кмтөрдүн тегерегиндеги ызы чууну изилдесек, алар саясат партиялардын оюндары менен байланыш. Керек болгондо алар Суу кодексин колдойт, кереги жокто кайра элди дуулдадат. Бул маселе кимге керек деген суроону берүү туура болот?” – деп Марс Сариев жыйынтыктады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.