Маршруткалардан уялган депутат Жолдошбаевтин үйү 2,5 гектарда жайгашкан
Тема:
Депутаттык жашоо
2018-жылдын 1 февралында Өнүгүү-Прогресс партиясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев башка депутаттар жумушка коомдук унаа менен келген үчүн уялган. Kaktus.медиа редакциясы аталган депутаттын үйүн табып дрон аркылуу тартып алды.
Төмөнкү тасмадан, бул депутаттын короосу 2,5 гектарга жакын экенин көрсөк болот. 2016-жылдын декларациясында, Жолдошбаев 955 миң сом гана тапканын аныктаган. Бул үй бир да декларацияда көрсөтүлгөн эмес.
Үйдүн сакчылары жана депутаттын жардамчысы ээси Жолдошбаев экендигин далилдешти. Эскертсек, Камчыбек Жолдошбаев Бишкек шаарындагы Ош базарында жайгашкан Беш-Сары сатуу борборунун ээси.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Поделиться:
Окшош жаңылыктар
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: