2018-жылдын 25-июнунда КР Башкы прокурору тарабынан депутат А.Шадиевге карата Кылмыш-жаза (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) каралган белгилер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР МУКК Басма-сөз борбору билдирди.

2018-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын МУКК тергөө башкармалыгы тарабынан тергелип жаткан Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты берүүгө бөлүнгөн 30 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү бюджеттик акча каражатын туура эмес пайдаланган фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкгында Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты Аскарбек Шадиевге КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту, 4-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сыртынан айып тагылды. Ошол эле күнү Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун чечими менен сыртынан баш коргоо чарасы камака алуу болуп каралды.

Бул кылмыш иши КР Башкы прокуратурасы тарабынан 2018-жылдын 28-апрелинде козголгон. Андан бир күн мурда, тактап айтканда 27-апрель күнү А.Шадиев Баткен облусунун Исфана шаарына өлүк коюуу зыйнатына барып, андан ары Лейлек районуна карашту Арка айылы (көзөмөлгө алынбаган участоктор) аркылуу Тажикстан Республикасы тарапка чек араны мыйзамсыз кесип өткөн.

2018-жылдын 28-апрелинде кылмыш иши козголгондон кийин, А.Шадиев жергиликтүү саат 18:20да «Худжант-Москва» (Домодедово) багытындагы аба каттамы боюнча, КР дипломатиялык паспортун колдонуп учуп кеткен, ал жактан андан ары АКШ Нью-Йорк шаарына чыгып кеткен.

А.Шадиевдин жакын туугандары ал дарыланууга учуп кеткенин жана бир-эки жумада келээрин айтышкан.

Бирок А.Шадиев азыркыга чейин тергөө органдарынан жашырынып жүргөнүнө байланыштуу издөө жарыяланды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.