Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров жуздөгөн конок чакырып өзүнүн кызы Айжамалды узатты. Бул тууралуу сүрөттөр Instagram соцтармагында жарыяланды.

Даңгыраган тойдо өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, ЖК спикери Дастан Жумабеков, КСДПнын лидери Иса Омуркулов, жана башка депутаттар Мыктыбек Абдылдаев, Асылбек Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков, Алмамбет Шыкмаматов, Алмазбек Баатырбеков конок болушкан.

Эскертсек, 2016 жылы 42 депутат тойлорду өткөрүүнү тыюу боюнча мыйзамды колдошкон. Алардын ичинде Торобай Зулпукаров болгон. Бирок 70 депутат каршы болуп бул мыйзам кабыл алынган эмес.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.