Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Сагындык Келдибаевдин РФ жарандыгы бар деп коомчулукка жалган маалымат тараткандыгы үчүн Ыргал Кадыралиеванын үстүнөн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна арыз жазып, ар-намыс жана кадыр-баркына шек келтиргени үчүн 7 млн сом талабын канааттандырып берүүнү талап кылды. Бул тууралуу фракинын басма соз кызматы билдирет.

Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Сагындык Келдибаев парламенттин экс-депутаты Ыргал Кадыралиеванын айыптоосун четке кагып, аны Орусиянын жараны деген маалыматын чагымчылдык деп баалады.

“Мен жүз миңдеген кыргызстандыктар сыяктуу эле Орусияда мигрант болуп иштеп, өз убагында жарандык алып, ак эмгегим аркылуу Кыргызстанда жумуш орундарын камсыздаган ишкермин. Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүнө катышуу алдында мыйзамга ылайык орус жарандыгын тапшырганымды Орусиянын тиешелүү кызматтары тастыктады. Борбордук шайлоо комиссиясы да менин жарандыгым боюнча маселе жок экендигин расмий билдирди. Ыргал Кадыралиева менин үстүмдөн коомчулукка жалган маалымат таратканы үчүн Ленин райондук сотуна арыз жаздым. Ал чагымчылдыгы үчүн сөзсүз жооп бериши керек”, – деди Келдибаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.