Ысык- Кѳл облусунун 4 район, бир шаарынын шайлоочулары экс- депутат, саясатчы Ѳмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтышы туура экенин билдирди. Эгер өлкөгө келсе инвестиция тартып, экономиканын ѳнүгүшүнѳ салым кошмок. Бул тууралуу коомдук активист Нурлан Искаков билдирди.
Анын айтымында, мурдагы саясатчы ѳз билим тажрыйбасын мекен үчүн жумшамак. Анткени кылмыш ишин козгоого эч кандай провокациялык жүйө жок.
“Шайлоочу катары ѳз оюбузду айтып жатабыз. Бул жерде эч кандай провокациялык нерсе жок. Шайлоочу катары айтсам, Ѳмүрбек Бабанов президенттик шайлоо учурунда калктын ишенимине ээ болуп, 600 миңге жакын адамдын добушун ала алды. Ошолордун катарында биз да барбыз. Бул шайлоочулардын тандоосун эске алып, жаш, реформатор, лидердин мекенине кайтышына тоскоолдуктар болбосо. Анткени, ал шайлоонун биринчилерден болуп тааныган. Ошол кезде ѳлкѳнүн стабилдүү болушуна салым кошту десек болот. Өлкѳдѳн ден соолугуна байланыштуу чыгып кеткенге аргасыз болгон. Ал чыгып кеткенден кийин гана 2 кылмышы козголгон. Учурда анын бири кыскартылып, бири токтотулган. Эгер өлкөгө кайтса бир катар өнүгүүлөр болооруна ишенебиз”,- деди ал.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: