Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери айыл чарба продукциясынын 279 үлгүсү лабораториядан текшерилди. Негизги максаты картошканын, дан эгиндердин жана мөмө жемиштердин ооруларын алдын алууга багытталат. Бул тууралуу Түп районундагы фитосанитардык, карантиндик лабораториянын башчысы Нурлан Токтобеков билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы жылдардан бери мөмө-жемиштер арасында бактериялык күйүк пайда болсо, картошкадан нематода, фитофтороз оорусу да пайда болду. Андыктан, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр арасында соода сатыкты жакшыртуу үчүн лаборатория текшерүүнү күчөтүүдө.

«Лаборатория ишке киргенден бери айыл чарба продукцияларында карантиндик абал барбы деген маселенин үстүндө иштөодөбүз. Эгер оорулар байкалса, кайсыл отоо чөптөн келип чыккандыгы, кандай курттар бар экенин аныктап жатабыз. Башка аймактарга салыштырмалуу Ысык-Көлдөгү фито-санитардык абал жакшы көрсөткүчтө. Ошентсе да өкмөттөн берилген феромондук тузак салып кооту жерлерди байкап, чыккан жерлерди жок кылууга аракет кылабыз»,- деди Токтобеков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.