Орусия Федерациясынын борбору Москва шаарында КМШ өлкөлөр арасында айыл чарба продукцияларынын жарманкеси болот. Ага Ысык-Көл облусунан жетекчилиги менен жеке ишкерлер барып, өндүргөн продукцияларды сунуштайт. Бул тууралуу Ѳкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчылыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-майда өтө турган айыл чарба жарманкесине мындан тышкары Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги катышат. Анда мамлекеттин атынан “Кыргызстан- күнөстүү Ысык-Көл” деген аталышта, алма алмуруттан жана жапайы өсүмдүктөрдөн даярдалган продукциялар көргөзүлөт. Негизги максаты менен эки өлкө арасында соода сатыкка келишим түзүүнү көздөйт.

“Россияда өтө турган жарманкеде облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев Ысык-Көлдөгү өндүрүш, айыл чарба продукциялары боюнча презентациясын жактайт. Бул аракеттин аркасы менен эки тараптуу маакулдашуу келишими түзүү болуп саналат. Эгер өндүрүлгөн продукцияларды экспорттого жол аылса, аймактын социалдык экономикалык абалына да салым болот”,- деди Жаныбек Кожоев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.