Ысык-Көл облусундагы дыйкан, фермерлер жазгы талаачылыкта багбанчылыкка басым жасайт. Анын себеби картошканын арзандыгына байланыштуу. Бул тууралу облустук айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Эркинбек Сагынбеков билдирди.
Анын маалыматында, учурда жайыт комитеттине тиешелүү суу жетпеген кайрак жердерди өздөштүрүү үчүн айыл чарба министрлигине кайрылуу жасалды. Урук саат кагаздар келсе 50 гектарга жакын кунарсыз аянтка тамчылатып сугаруу системасы менен мөмө-жемиштер отургузулмак.
«Ѳткөн жылы картошканын килограмы 4-6 сомго чейин түшуп кетип, дыйкандардын эмгеги күйдү. Айыл чарба министрлиги коӊшу өлкөлөргө сатуу үчүн колдон келген аракетти жасады. Бул жылы жергиликтүү дыйкандар мөмө жемиш өстүрүүгө басым жасайт. Бул боюнча Ысык-Көл, Тоӊ райондору жана Балыкчы шаарындагы суу жетпеген жерлерди өздөштүрүү пландалып жатат»,- деди Сагынбеков.
Учурда облуста айыл чарба жарманкелери өткөрүлүп, жазгы дыйканчылыкка карата карагаттын, алма алмуруттун жана өрүктүн жаӊы түрлөрүн өстүрүү сунушталууда. Бул боюнча 20 жылдан бери эмгектенип келген фермер Раиса Төлөгөнова айыл чарба министрлиги жайыт жерлерди жашоочуларга берүүсүн өтүнөт.
«Казакстан менен Орусиянын базары бизден товар алууга буйрутма берип атышат. Бирок, экспорттун көлөмү аз санда болуп планга жетпей жатат. Ошондуктан массалык түрдө алма-бак отургузушубуз керек. Ал үчүн министрлик жайыт чарбаларын басып албай, суу жетпеген жерлерди калоочуларга бериш керек. Эгер скважина орнотом деген адам ал жерди иштетсе, аймакта экономикалык өнүгүү болмок»,- деди Төлөгөнова
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: