Тоң районунун Көк-Сай, Коңур-Өлөң айылдарына курулган ГЭС ишке берилбей жатат. Анткени 1кв сааттын тарифи 4 сом 70 тыйын болгондуктан “Чыгыш электр” ААКсы сатып алуудан баш тарткан. Бул тууралуу чакан ГЭСтин жетекчиси Рахатбек Ирсалиев билдирди.

Анын айтымында, бир райондун калкына жарык берүү үчүн бул ГЭС 2017-жылы 500 миллион сомго курулган. Өткөн жылдын март айында ийгиликтүү аяктап ишке берерде энерго холдингге тиешелүү жетекчилер артка чегинүүдө.

“Биз курган ГЭСтин талаптары мыйзам чегине туура келет. Анткени тарифтик баалар боюнча мурдагы президент баш болуп, ЖК депутаттары токтомду бекиткен болчу. Анан эле “Чыгыш электр” ААКсы жарыкты сатып алуудан баш тартып, артка чегинүүдө. Ушул күнгө чейин райондук, облустук жана жогорку сот биздин пайдабызга чечип берди”,- деди Ирсалиев.

Белгилей кетсек, Көк-Сай жана Коңур-Өлөң айылына курулган 2 ГЭС айына 40 миллион квт саат электр жарыгын өндүрүп, Тоң районунун калкын камсыздамак. Учурда “Чыгыш Электр” ААКсы электр жарыгы брюнча директорлор кеңешине кат жолдоп, жооп күтүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.