Кыргызстанда тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана кошумча инвестицияларды  тартууга коррупциялык жол менен лицензия берүү практикасы тоскоол болуп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2019-жылдын 30-январында, КР Коопсуздук Кеңешинин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы жер казынасын сактоо,  жаратылыш байлыктарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу — улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгиледи. Азыркы учурда тоо-кен казуу тармагынан  республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге 12 миллиард сомго жакын  киреше түшөт.  Бул ички дүң продуктунун 8 пайызына жакын жана өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 44 пайызын түзөт. Өлкөнүн 18 миңден ашык жараны тоо-кен казуу тармагынын өндүрүш ишине тартылган. Тоо-кен өнөр жайынын негизин алтын кен тармагы түзөт, чет элдик компаниялардын инвестициялары  негизинен ушул, алтын казуу  багытында болуп жатат.

“Тилекке каршы, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине тийиштүү көңүл бурулган эмес. Тескерисинче, жер казынасын пайдалануу чөйрөсү акырындап мамлекеттик көзөмөлдөн чыгарыла баштаган. Натыйжада азыркы учурда тоо-кен өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча тармактарда курч маселелер жаралды», — деди президент жана алардын айрымдарына токтолду.

Бул — айрым мамлекеттик органдарга, айрыкча лицензия-уруксаат берүү системасына терең кирип, тамырлашып кеткен коррупция, тиешелүү иштерди жүргүзбөй, кайра сатуу максатында лицензияларды кармап туруу, экологияны коргоону көӊүл сыртында калтыруу, баалуу дарактардын түрлөрүн кыюу жана кыйылган дарактардын ордун жаңы көчөттөрдү отургузуу жолу менен калыбына келтирүү, өлкөнүн өнөр жай секторунун бир компаниядан — «Кумтөр Голд Компаниясынан» өтө көз каранды болушу, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жергиликтүү бийлик менен кызматташуусу солгун болгондуктан жергиликтүү калктын тоо кен казуу өндүрүшүнө карата пайда болуп жаткан каршылык маанайлары.

«Жергиликтүү бийлик көп учурда кайсы инвесторго кен иштетүүгө лицензия берилип жатканын билбей калат. Натыйжада, калкка түшүндүрүү иштери жүрмөк тургай, жергиликтүү бийлик ошол аймакка инвестиция салууга келген инвестор менен да иштиктүү мамиле түзө албай калган учурлар көп. Мындай өз ара кызматташуунун жоктугу инвестициялык климатка да, жергиликтүү калктын маанайына да терс таасирин тийгизүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, Кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензия берүү маселеси —  бул чөйрөдөгү эӊ актуалдуу маселенин бири. Эгемендикти алган жылдардан бери жер казынасын пайдалануу укугуна ээлик кылуучу  лицензиялардын жалпы саны 2 571. Алтын кени чыккан жерлердин  дээрлик баардыгына геологиялык изилдөө жана аны өздөштүрүү үчүн жеке компанияларга уруксат берилген. Бирок, кен чыккан жерлерге уруксат берүүдө, көп учурда, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктары эске алынган эмес. Тескерисинче, тар чөйрөнүн, айрым таасирдүү топтордун кызыкчылыктарын коргоо басымдуу болуп кеткен. Анын айынан лицензия берилип, бирок, кен чыккан жерлер өздөштүрүлбөй турган жагдай түзүлдү.

«Жылдан жылга колдо жүргөн лицензиялардын саны өсүшү байкалууда. Бул тармакта кадимки эле алып сатарлыкка жол берилип келген. Жолун тапкандар, коррупциялык схемалар менен лицензияларды алышып, алып-сатарлык баада сатып келишкен, же аны кийин кымбат баада сатуу үчүн өзүндө кармап жатышат. Ошол үчүн мен 2018-жылы лицензия берүүнү кылдат анализдеп, инвентаризация кылууну  тапшырдым. Мунун жыйынтыгында биз ачык-айкындыкка жетишебиз. Бирок, лицензияны кармап калуу үчүн киргизилген төлөм абалды жакшыртууга жардам берген жок. Кенди иштеткенге караганда лицензияны кармап калуу үчүн акы төлөө оңой болууда», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.