Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүчү инвесторо ишмердигин токтотту. Бирок жергиликтүү калктын коркунучу негизсиз деп, «ЮрАзия Кыргызстандын» башкы директору Светлана Менг билдирди.
Анын айтымында, азыр уран казып алуу боюнча айтылган маалыматтардын 95% жалган. Ишкана уран казып алуу боюнча эң коопсуз ыкманы тандаган.
“Уранды казууда дүйнөдөгү эң коопсуз технологияны тандап алганбыз: химиясыз, жардыруусуз жана калдыксыз. Биз жөн эле аймакты тазалап чыгып кетебиз, ал жер таза, иштеткенге ыңгайлуу болуп калат. Зарыл болсо, биз ал жерге бак тигип кетебиз. Жайытты жакшыртабыз. Азыр ал жер жөн эле таш жаткан талаа”, – деп Менг түшүндүрдү.
Эскертсек, Тоң районунун тургундары уран казуу иштерине каршы болуп митингге чогулган.
“Биз уран кенин иштетүүгө чындыгында каршыбыз. Ал жактан эмне деген уулуу заттар бөлүнүп чыгат. Өкмөттүн мүчөлөрү комиссия түзүп карап жатканы менен алар оң чечим чыгарарына ишенбейбиз. Белгилей кетсек, биздин максат экологияны жана калктын саламаттыгын сактоо”,-деп активисттер билдирген.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: