Кыргызстан менен Орусия дипломатиялык карым-катнашы түзлгѳнүнѳ 2020-жылдын июнь айында 28 жыл толду. Ушул убакыттын ичинде Советтер Союзу таркагандан кийинки мейкиндикте ѳз аракети менен Москва чындап эле КРнын негизки стратегиялык ѳнѳгү экенин далилдеди. Мунун ичинде активдүү каржылык жардам, маданий-гуманитардык долбоорлорду колдоо, Конституцияда бекитилген орус тилинин расмий макамы, «Кант» ЖККУ базасынын эсебинен Борбор Азия мамлекеттеринин чек арасын коргоо бар. Ошондой эле Россия-Кыргыз ѳнүгүү фондусу аркылуу долбоорлорду каржылап, кыргыз экономикасын жаңыртууда.

Серепчилердин баамыда, учурда кыргыз-орус мамелилери туу чокусуна жетти. Мунун баары ЕАЭК ѳлкѳлѳрү ортосундагы соода мамилеси, тактап айтканда жергиликтүү ишкерлердин товарын сатуучу негизги рыногу болгон Орусия менен мамилесинен улам болууда. Анын үстүнѳ ОФ аймагында Кыргызстандан келген 70 миңге жакын эмгек мигранттары иштеп жатышында. Алар КРнын экономикасынын ишенимдүү тиреги, себеби алар жыл сайын Мекенине жүз миңдеген доллар которууда.

«Кыргыз-орус мамилелерин акыркы беш жылдын ичинде туруктуу бекем деп мүнѳздѳсѳ болот. Бул ѳлкѳлѳрүбүздүн бири-бирине болгон кызыгуусу менен шартталат. Ири геосаясий жана экономикалык оюнчу катары Евразия аймагында Орусия узак мѳѳнѳттүү, туруктуу жана стратегиялык ѳнѳктѳштѳр менен кызматташууга кызыкдар. Кыргызстан болсо экономикалык аскердик жана геосаясий туруктуулукка кызыкдар, а мындай шарттарды Орусия менен болгон стратегиялык ѳнѳктѳштүк берет, – дейт Саясий-укуктук изилдѳѳлѳр борборунун (СУИБ) директору Темирлан Ибраимов ОФ менен КРнын мамилелерин сүрѳттѳп жатып. – Кыргызстан менен Орусия айрым учурларда кээ бир маселелерде пикири келишпеши мүмкүн, бирок стратегиялык маселелер боюнча пикири дээрлик шайкеш».

Серепчинин айтымында, логикалык жактан алганда, экономикалык карым-катнашты бекемдѳѳ ѳлкѳлѳрүбүздүн рынокко болгон салттуу багыт алуу жана анын түзүмү болуп эсептелинет. Кыргызстан үчүн ОФтин рыногу республиканын экспортунун баардык багытын камтыган негизги тармак болуп эсептелинет.

«Албетте, биздин товардар жана тейлѳѳ кызмат Кытай, Казакстан жана Ѳзбекистандын рыногунда да сатылат, булар да ѳз үлүшүнѳ ээ, жана учурда ѳсүп ѳнүгүүдѳ, бирок Орусия менен экономикалык кызматташуу биздин экономикабызда басымдуу орунду ээлеп, кызматташуубуз ѳнүгүүдѳ», – дейт СУИБ директору.

Кыргызстан менен Орусиянын эки тараптуу кызматташуусуна КРдагы ОФ элчилиги да ишенимдүү карайт.

«Мен орусиялык ишканаларын кооперативдик кызматташууга тартууга макулмун, анда каржылоо сыяктуу ар түрдүү механизмдерди колдонсо болот, – дейт КТРКга берген интервьюсунда Кыргыз Республикасындагы Орусия Федерациясынын элчиси Николай Удовиченко. – Биз акыркы жылдары экономикалык кызматташууга кѳп кѳңүл бѳлѳ баштадык. Пикиримде, бул ѳтѳ маанилүү, себеби бул багытта биргелешип иштѳѳгѳ бизди жашоо түртүп жатат. Жаңы ишканалар киргизилип, байланыштар жигердүү иштеп, кызмат орундары менен камсыздоону калк каалап жатышат. Ѳлкѳлѳрүбүздүн жетекчилиги бул кайрылууларды угуп, ушул маселелерге кѳп кѳңүл бѳлүүдѳ».

Эки тараптуу маселелер тезисин «Пикир» аналитикалык клубунун тең тѳрагасы жана саясатчы Игорь Шестаков да колдоодо. Анын айтымында, эгемендүүлүк жылдары бою Орусия Кыргызстандын негизги стратегиялык ѳнѳгү болуп келүүдѳ.

«Биринчи кезекте бул коопсуздук маселелери. Баарыбыз билгендей, КМШнын түштүк чек арасын коргоо маселесин Орусия жалпы жолунан ѳз мойнуна алды. КР менен Таджикистанда ЖККУнун орусиялык базаларынын ачылышы бекеринен эмес, себеби Ооганстан Борбор Азия аймагындагы туруксуз аймак бойдон калууда. Америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин, бул ѳлкѳдѳ топтор ортосундагы кайчылашуу күчѳп келе жатат, алар бийлик үчүн күрѳшүүдѳ. Бул жерде кеп «Талибан» кыймылы тууралуу гана жүргѳн жок. ИГИЛ да кеңири тараган», – дейт Шестаков.

Коопсуздук маселелери менен бирге, негизги түзүм катары саясатчы ѳлкѳлѳр ортосундагы экономикалык мамилени да баса белгилейт. Ал 2019-жылы Кыргызстанга Орусия лидери Владимир Путин келгенде, ѳлкѳлѳр ортосунда 6 миллиард доллардан ашуун келишимдерге кол коюлганын эске салды.

«Кыргызстан ЕАЭКке киргенден бери КР менен Орусия ортосундагы мамилелер бекемдеди, ѳзгѳчѳ айыл-чарба жана жеңил ѳнѳр жай жаатында, булардын продуктулары Орусия рыногунда сурамга ээ. Дүйнѳлүк пандемия COVID-19 болбогондо, ѳлкѳлѳр буга чейин пландаштырып кеген товар айлануу кѳлѳмүн 2 млрд долларга жеткизмек, – дейт Игорь Шестаков. – Кыргызстан жер-жемиш ѳстүрүп, эт, сүт азыктарын чыгара алат, ошондуктан, менин оюмча, биздин ѳкмѳт кризиске карабастан ушул тармактарда биргелешкен ишканаларды ачуу жѳнүндѳ макулдашуусу керек. Экономикалык процесстеринин локомативи болуп, жандандыруу үчүн орусиялык инвестицияларды тартуу керек».

Буга чейин айтылгандай, акыркы жылдары Кыргызстандын ѳнѳр жайын ѳнүктүрүү аспабы болуп Россия-Кыргыз ѳнүгүү фондусу чыкты. 2015-жылдан тартып фонду кичи, орто жана ири бизнестин миндеген долбоорлорун каржылап, ошондон улам Кыргызстанда он миңдеген жаңы иш орундары ачылды. Уюм жеңилдетилген насыя программаларын ишке киргизип, ишкерлер үчүн пайыздык туумду тѳмѳндѳтүп, РКѲФ каражатына каржыланган долбоорлордун географиясын кеңейте алды.

«РКѲФ ѳлкѳлѳрүбүз арасындагы экономикалык интеграцияны ѳнүктүрүүнүн маанилүү куралы болуп эсептелинет. Фонду инвестициялаган каржылык каражаттары Кыргызстан экономикасына жакшы таасир тийгизүүдѳ. РКѲФ үлүшү КРнын насыя рыногунда 10 пайызга жакын, бул ѳтѳ кѳп. Фонду каражатын тѳмѳн пайыздык туум менен узак мѳѳнѳткѳ берет, бул КРнын насыя кызматынын рыногуна мыкты таасир тийгизүүдѳ, – деп фондунун ишмердүүлүгүн сүрѳттѳп берди СУИБ жетекчиси Тамерлан Ибраимов. – Ири институт болгон РКѲФ КРнын ѳндүрүш тармагынын ѳнүгүүсүнѳ ѳзгѳчѳ кѳңүл бурат, себеби кошумча ѳндүрүш жана тейлѳѳ кызматын ачып, жаңы иш орундарын түзүүдѳ ал мультипликативдүү эффекти берет. Каржылык институттардын чандасы гана завод жана фабрикаларды курууну каржылай алат. А фонду мындай долбоорлорду такай ишке ашырып келет».

Анын айтымында, 2019жылы гана РКѲФ каржылаган ишканаларда 3,4 миң адам жумушка орнотулуп, ал эми кыйыр ачылган иш орундарынын саны 56,8 миңге жетти.

«Акыркы убакытта РКѲФ айыл-чарбасында кластердик ыкмага кѳп кѳңүл бѳлүүдѳ, менин оюмча бул абдан туура. Себеби мында инновация, аймактык жайгашуу, атаандаштык артыкчылыктарын күчѳтүү жана ѳндүрүүчүдѳн сатып алуучуга чейин куралган чынжыр принциптери иштейт. Тѳрт багыт тандалды: сүт, эт, жер-жемиш жана форель багуу. РКѲФта менеджменттин жогорку даражасы түзүлгѳнүн эске алсак, бул кластердик ыкма ѳзүн актайт деп ишенем. Себеби бул багыттардын ѳнүгүү келечеги кең, ѳлкѳбүздүн масштабында алар мыкты мультипликативдүү эффекти бериши күтүлѳт», – дейт Тамерлан Ибраимов.

«Баарыбызга белгилүү болгондой, 2000жылдардын башында биз товар азыктарын реэкспорттоочу ѳлкѳгѳ айландык, кѳптѳгѳн ишканалар жабылып, бул эмгек миграциясына терс таасирин тийгизди. Ал ишканалардын кызматкерлери Орусияга кетүүгѳ аргасыз болду, бирок РКѲФ иштей баштагандан бери жагдай ѳзгѳрдү – фондудан насыя ала баштап, ѳлкѳ ѳнѳр жайын калыбына келтирүүдѳгү биринчи кадамын жасады. Башында РКѲФ насыяларын негизинен тикмечилик ишканаларын модернизациялоого жана экологиялык жактан таза азыктарын чыгарууга берчү, – дейт саясатчы Игорь Шестаков. – Тилекке каршы ишкерлер фондунун мүмкүнчүлүктѳрүн жетишээрлик деңгээлде баалай алыбады, бирок акыркы жылдары ОКѲФ жетекчилиги ачыктыгын, коомго жакынын жана тунук ишин кѳрсѳтѳ алды. Азыр Россия-Кыргыз ѳнүгүү фондусу Орусия жана Кыргызстандын ортосундагы тышкы саясий кызматташуунун максатына салынган стратегияны чагылдырат. Фонду чындап эле экономикалык тармактарды колдоочу эффетивдүү куралга айланды. РКѲФ экономиканы стратегиялык жактан колдоого алуу боюнча Москва менен Бишкек мойнуна алган милдеттемелерди так жана ишенимдүү аткаруучу долбоор болуп калды».

Серепчинин пикиринде, COVID-19 байланыштуу дүйнѳдѳгү каржылык база жукарып, терс экономикалык процесстер жүрүп жатышынан улам, фонду Кыргызстандагы жаңы бизнес-долбоорлордун коопсуздук жаздыгы ролун аткарышы керек, жана аткарат. Ѳзгѳчѳ фармацевтикалык ишканалар, себеби коронавирус пандемиясы учурунда мындай долбоорлор абдан керек.

«Адам жашоосун куткарып, ден соолугун чыңдоочу дары-дармектер Кыргызстанда дээрлик чыгарылбайт экен. Кыргызстандын рыногун эффетивдүү, заманбап дары-дармекке болгон муктаждыгын ыкчам канааттандырып, фармацевтикалык азыктардын импортуна 90 пайыз кѳз каранды кылдырбаган жаңы фармацевтикалык ишканаларын ачууну РКѲФ ѳз максаттарынын тизмесине кошуусу керек. Бул фондунун ишиндеги жаңы багыт болуп эсептелмек», – деп сѳзүн аяктады Игорь Шестаков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.