“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси жол кыймылын коопсуздугу боюнча эки социалдык роликтерди тартуулады.
Биринчи роликтин башкы каарманы театр жана кинорежиссеру. Ал өзүнүн жумушунда тартылган кинолорду чыныгы жашоо менен салыштырат.
“Аткарып жаткан ролдорго нааразы болсом, же кандай бир кемчиликтерди көрсөм ал оюнду токтотуп, анын идеалдуу вариантын жаратканча дубль артынан дубльду кайталап тарта беребиз. Ал эми бизге жакпай калган баардыгын өчүрүп салабыз. Бирок жолдогу каталарды оңдой албайбыз. Жашоо кино эмес, экинчи дубль болбойт”, – деп роликтин каарманы белгилейт.
Экинчи роликте жаш айдоочу өспүрүмдү унаага отургузуу эрежелерин айтып берет.
Роликтер ЕККУ (ОБСЕ) колдоосу менен “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси тарткан. Акциянын өнөктөштөрү – ЖККББ жана “Медиа Лаб”.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: