Ысык-Көл облусунда 10 айдын жыйынтыгы менен 306 жол кырсыгы катталды. Бул көрсөткүч 2017-жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 22 учурга аз. Бул тууралу облустук жол кыймылын көзөмөлдө башкармалыгынын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов билдирди.
Маалыматка ылайык, рейд иштеринин жүрүшү менен жалпы 52 миң 536 протокол түзүлгөн.
“Быйылкы жылы жол кырсыгын азайтуу максатында өз учурунда профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Жол кыймылында мыйзам бузгандардын ичинен 1097 айдоочу мас абалында рулду башкаргандыгы катталды. Анын жыйынтыгы менен административдик чара колдонулду. Жалпысынан каза тапкандар менен жаракат алгандардын саны кыскарды. Алдыда рейд иштери уланат. Өзгөчө ушул тапта айдоочулар унааларынын техникалык талаптарын аткарып, жайкы дөңгөлөктөрүн алмаштырса коопсуздук сакталат”, – деди Жакыпов.
Маалымдай кетсек, 2018-жылдын январь айынан бери жол кырсыгынын кесепетинен 63 жаран набыт болуп, 589 адам денесинен жаракат алган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: