Бүгүн, 9 сентябрда, Москва шаарындагы Люблинский көчөсүндө кыргызстандыктын катышуусу менен жол кырсыгы катталды. Mash телеграм-каналынын маалыматы боюнча окуянын себеби кафедеги мушташ болду.
Полициянын алдын ала маалыматы боюнча, катышуучулары кафеде чогуу отуруп ортосунан чыр чыккан. Жаш балдардын чыры куралды колдонуу менен урушка өтүп кеткен. Айдоочу Бекжан Сарбишев куралсыз болгондуктан Volkswagen polo маркасындагы унаасына отуруп 9 адамды сүзгөн.
Сарбишев камакка алынган, жабыркандардын ичинен 3 адам оор абалда.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: