Жети-Ѳгүз районуна караштуу Барскоон айыл аймагындагы №55 кесиптик лицейге жатакана курулууда. Ага “Кумтөр” алтынкен ири ишканасы 2 контейнердик блок орнотуп, чатырына 704 миӊ сом бөлүп берди. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Руслан Эшмамбетов билдирди.

Анын айтымында бул кесиптик лицейде 8 адистик боюнча билим берилет. Азыркы тапта 300гө чукул студент билим алып жатса, анын ичинде башка район, айылдардан келгендер бар. Ошол себептен бекер жатакана уюштуруу демилгеси 3 жыл мурда көтөрүлүп, азыр сырткы жасалгасы бүткөрүлдү.

«Барскоон айылындагы кесиптик лицейинде башка айылдардан да келип билим алгандар бар. Ошого байланыштуу жатакана маселесин чечип берүүнү туура көрүп, “Кумтөр” кен ишканасынын жардамы менен алдыдагы пландары ишке ашыруудабыз. Бүгүнкү күндө чатыры сырткы жасалгасы толук кандуу бүттү. Эми ички оӊдоп түзөө иштерине акча каражатын издештирип жатабыз. Эгер бүтүп калса 50 орундук түзүлүп, студенттерге бекер берилет. Андан сырткары ашкана, тамак аш камсыздалат»,-деди Эшмамбетов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.