Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылынын орто мектебинине 4 миӊ долларга эмерек алынып берилди. Бул аракет «Кумтөр Голд Компани» ЖАКунун туруктуу өнүктүрүү долборунун алкагында жүзөгө ашты.

Компаниянын кызматкери Айгерим Байтикованын айтымында мектептин директору башталгыч класстардын парталары эскиргендигин кабарлаган. Кайрылуунун натыйжасында 6 класска 90 парта, 180 стул камсыздалды.

«Тамга орто мектебинин директору Н. Мамбеталиевдан кайрылуу келген. Анда 1-4-классатрдын кичинекей партасына 48 жыл болуп, эскирген эмерек окуучулардын кийимин тытылып жатканы айтылган. Социалдык маселени компания колдоого алып, жалпы 288 миӊ сомго көмөк көрсөттү. Экинчи жагынан Жети-Ѳгүз районунун ишкерлери жасап берип бизде утуш болду деп жатабыз», – деди Байтикова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.