Ысык-Көл облусунда мамлекеттик кызматкерлер, ММК өкүлдөрү чет тилин үйрөнүүдө. Аталган кызматкерлерге англис тилин үйрөтүү жолу эки этап менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу жаш профессионалдарга англис тилин үйрөтүү долбоорунун координатору Жамал Кубанкулова билдирди.

Маалыматка ылайык, эгер тил үйрөтүү долбоору ийгиликтүү ишке ашса, келечекте чет мамлекеттерге чыгып тажрыйба алмашууга, эл аралык долбоорлорду, гранд тартууга жардам болот. Учурда ушул сыяктуу долбоор өлкөнүн Ош, Талас, Нарын облустарында да уюшулууда.

«Мамлекеттик кызматкерлерге, медиа өкүлдөрүнө жана журналисттерге англис тилин бекер үйрөтүү боюнча «Лингва мектеби» долбоору утуп алган. Бүгүнкү күндө түндүк, түштүк жергесинде калоочуларды тизмеге каттап жатабыз. Алдыда жумуштан сырткаркы мөөнөттө жумасына 3 ирээт, баталгыч жана улантуучу этап менен билим берилет. Мындан мүмкүнчүлүк өлкөдөгү ишкерлер келечекте чет өлкөгө чыгып, өнүккөн мамлекеттерден тажрыйба алып келүүсүнө шарт түзөт»,-деди Кубанкулова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.