Жаӊы –жылдык майрамга карата Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу балдар үчүн 500 миӊ сом бөлдү. Бул акча каражатка аймактагы 1 миӊ окуучуга белек алынып берилет. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, миӊ окуучунун арасына алдыӊкы билим алуучулар, спортто ийгилик жараткандар жана социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары камтылган.

“Быйылкы жыл жакшы жылдардан болду. Мектепте мыкты окууган балдар сынактарда көптөгөн ийгилик жаратып, башкаларга үлгү боло алышты. Андыктан жеке ийгиликке жеткен окуучуларды гана эмес, аймактагы аз камсыз болгон үй бүлөнүн балдарына майрам тартуулоону туура көрдүк. Ал үчүн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан 500 миӊ сом бөлүндү. Биздин тилегибиз, балдар бактылуу жашосу. Мындан аркы дем менен Кыргызстандын намысын коргогон келечектүү инсандар болот деген ишенимдебиз”, – деди өкүл А.Осмоналиев.

Эскертсек, Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын дүң кирешесинин 1% өлчөмдө акча каражаты которулат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.