Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу бул жылы башталгыч класстарга ысык тамак берүү үчүн 2,5 миллион сом бөлөт. Бул акча каражатына ашканага жабдуулар алынары пландалып жатканын фонддун басма сөз катчысы Жанара Рыскулова билдирди.

«Ѳнүктүрүү фонд 2019-жылга карата бир катар аткарылчу иш планды бекитип жатат. Анын алкагында 2 миллион 500 миӊ сомдук каражат ысык тамакка өтө элек айрым район шаарлардагы мектептерге бөлүнөрү күтүлүудө. Ашканага кандай жабдуулар керектигин тиешелүү эксперттер карап чыгышат»,-деди ал.

Ал эми облустук билим берүү институтунун методисти Сүйүн Ишенбаевдин айтымында аймакта жалпы 191 орто мектеби бар болсо, анын 146сы башталгыч класстар үчүн ысык тамакка өтүшкөн.

«Ѳлкө боюнча мектептерди 2020-жылга чейин иишке ысык тамакка киргизүү тапшырмасы коюлган. Анын алкагында билим берүүчү мекемелердин айрымдары эл аралык долбоорлор алкагында планды ишке ашырса, жакынкы 3 жылдан бери 20га мектепти ысык тамакка өткөрүү үчүн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан керектүү жабдуулар берилген. Негизгиси жыйынтык жакшы. Окуучулардын аӊ сезими өсүп, интеллектуалдык жөндөмдүүлүгү жогорулаганы байкалууда»,-деди Ишенбаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.