Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарына жаӊы аэропорт салуу сунушталды. Аба майданды үчүн жер маселеси жыл аягында генералдык планга киргизилери күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында Каракол шаарындагы 1978-жылы курулган аэропорттун эскилиги жетип, капиталдык оӊдоого муктаж. Ал эми экинчи себеби, 2017-жылы транспорт жана коммуникация министрлиги кабыл алган токтомго дал келбей калды. Анткени шаардын күӊгөй чыгышынан орун алган аэропортко жакын жер тилке калктуу конушка айланып кетти. Мындан улам, жашоочулар алыс жайгашкан бош орундукка жаӊы аэровогзал куруу зарыл.

«Азыркы күндө аба каттамында эмгектенген кызматкерлер менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Натыйжада жаӊы аэропортту Караколго жакын жайгашкан Бөрү-Баш айылынын тоосуна түздүк жерге курууну туура көрүп жатабыз. Бул боюнча Караколдун аткаруу жана башкаруу бийлиги жыл аягында генералдык планга киргизүү жагын айтабыз. Эгер ишке ашса инвестиция тартып, заманбап үлгүдө курулат. Анткен себеби азыр Ысык-Көлдө 1 эле тоо лыжа базасы иштеп жатат. Келечекте дагы тоо туризми өнүксө Европадан келген туристтердин саны да өсөт», – деди Осмоналиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.