Орусия элинин улуу саякатчысы, географ Николай Пржевальскийдин 180 жылдыгы Ысык-Көлдө белгиленүүдө. Анын алкагында саякатчынын бысып өткөн жолу, өмүрү таржымалы туурасында Ысык-Көл мамлекеттик университет тарабынан илимий конференция уюшулду. Эскерүү иш-чаранын расмий өкүлдөрү Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен бир катар делегация келишкен.

Алгач, Пржевальскийдин жана кыргыздын тилчи-окумуштуусу Кусейин Карасаевдин атын алып жүргөн мемориалдык-тарыхый музейинде болуп, саякатчынын эстелигине гүл чамбар коюлду. Андан соӊ 2,5 миӊге жакын экспедицияга экскурсия уюшулду. Бул Ысык-Көлгө болгон алгачкы иш сапар экенин элчи Удивиченко билдирип, төмөнкүлөргө токтолу.

«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бүгүнкү күнгө чейин Н.М Пржевальскийдин эстелигин сактап, музей катары иштетип келе жатканы сыймык. Мемориалдык комплекстин тегерек чети тозулуп, өз учурунда оӊдоп-түзөө иштери жасалып, жакшы абалда сакталып келе жатыптыр. Ошондуктан элибиздин атынан эскерүү күнүнө келип, илимий крнференцияларга да катышууну туура көрдүк. Себеби, улуу географтын эмгек жолун, тажрыйбасын жергиликтүү эл да баалай турганына ынанып отурабыз»,-деди элчи.

Белгилей кетсек, Н.Пржевальский 19-кылымдын ортосунда Борбордук Азиядагы негизги кырка тоолордун-Орус, Москва, Пржевальский, Алтын-Тоо орун алуу багытынын аныктаган. Ошондой эле Лобнор көлүн изилдеп, этнографиялык маалыматтарды чогулткан. Бүгүнкү күндө эмгек жолу Каракол шаарындагы өзүнүн ысымы берилген мемориалдык музейде сакталып турат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.