Тоң ройонуна караштуу Бел-Там көл жээгиндеги боз-үйлөр ордосунда эл аралык “Kөl-Fest” музыка фестивалы өткөрүлөт. Үч күн аралыгындагы иш чарага Америка, Европадан, Борбор Азияны камтыган 11 мамлекеттин өнөр ээлери чакырылган. Бул тууралу Тоң айыл аймагынын башчысы Болот Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, “Kөl-Fest” музыка фестивалы быйыл биринчи жолу уюшулуп, этно, эко жана көл туризмди өнүктүрүүгө максатталат. Андан сырткары, жергиликтүү өнөр ээлери, ыктыярчылар да коштоп, жандуу музыкалык шоу, йога менен машыгуу, бий жана башка иш-чаралар камтылат.
“Жергебизге уюштуруп жаткан эл аралык музыкалык фестивалдын ачылышы кечки саат 16:00гө пландалды. Көрүүчүлөр үчүн алдынала 400дөн ашык билет сатылган. Андан сырткары, жергиликтүү жашоочуларга да эшик ачык. Чогулган каражат сахнаны жасалгалоого, тейлөө шарттарга жумшалат”,-деди Мамбетов.
Маалымдай кетсек, музыкалык фестиваль “Тоң Дестинациясы” райондук администрация жана жергиликтүү өнөр ээлеринин демилгеси менен уюшулууда.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: