Быйыл, Ысык-Көл облусунун түзүлгөнүнө 80 жыл толду. Мааракенин урматына маданий иш чара Түп районунун Каркыра жайлоосунда белгиленди. Уюшутруу иштерине, сынактардын байге фондуна «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусу 2 миллион сом бөлгөн.

Анын алкагында ар улуттун башын бириктирген «Ынтымак кербени», тарыхта басып өткөн 7 Акенин жолу театралдаштырып көргөзүлдү. Андан соӊ, төкмө акындар өнөр тартуулап, белгилүү манасчылар Саякбай Каралаевдин 125, Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдыгы да камтылды. Манасчы Талантаалы Бакчиев 3 күн 3 түн Манас айтылганын билдирди.

«Уркаш Мамбеталиевдин туулган жери Түп районунун Талды-Суу айыл айыл өкмөтүндөгү 5 айылды 3 күн кыдырып бешөөбүз Манас айттык. Убакыт өткөндүктөнбү, же муун өткөндүктөнбү эл абдан суусап калыптыр. Бизге урмат-сыйын көргөзүп, кадырлап күтүп алышты»,- деди Бакчиев.

Андан соӊ улуттук оюндар коштолуп, балбандар менен чабандестер кыргыз күрөшү, эр оодарыш, кыз куумай, кунан чабыш, торпок тартыш жана аламан байгеде күч сынашты. Жалпы байге фондуна 800 миллион сом каралган. Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу 1939-жылдын 21-ноябрында түзүлгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.