Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Ысык-Көл райондору жана Каракол шаарындагы эски архитектуралык имараттар сакталып калат. Бул тууралуу облустук архивинин жетекчиси Чынара Сейдиматова билдирди.

Анын айтымында, быйыл жылы облустун 80 жылдыгы болсо, Караколдүн түптөлгөнүнө 150 жыл толду. Андыктан башка шаарлардан өзгөчө маданияты катары тарыхый, архитектуралык эски имараттарды бузбай, өзгөртүүсүз калтыруу зарыл. Анткени көпчулүк туристтер эски имараттарга көз артышат.

«Биздин билишибизче Кыргызстандын аймак шаардарынан биздин облусубуз эски имараттары менен өзгөчөлөнөт. Анткени кыргыз эли көчмөн калк болгондуктан 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башында орус, татар көпөстөрү жыгачтан кооз имараттарды куруп кетишкен. Балким башка район, шаарларда деле бул сыяктуу турак жайлар болсо керек. Бирок, өзгөчө Каракол шаары цивилизациядан артта калып, оорду чоӊ имаратка толукталган эмес. Азыркы күндө Ысык-Көл, Ак-Суу жана Каракол шаарындагы эски үйлөрдүн сакталы калганына сыймыктанабыз. Бул келечекте көптөгөн туристтердин кызыгуусуна айланат. Ошондуктан быйылкы жылдык мааракеге карата тизмелерди тактап архивге толуктоо киргизүүгө демилге көтөрдүк», -деди Сейдиматова

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.