Тарых музейин оңдоп-түзөөгө бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Каражат 2017-жылы эки бөлүк менен музейге берилген. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын тарых музейиндеги жыйынында финансы министринин орун басары Улугбек Карымшаков билдирди.
Бирок депутаттар сатып алынган буюмдардын баасына нааразычылыгын билдиришти. Мисалы: жыгачтан жасалган “Барсбек” инсталляциясынын 58 даанасынын ар бири 600 долларга сатылып алынган. Ата-Мекен партиясынын депутаттары дааналарды Бишкектин ЖЭБна алынган аттиштер менен салыштырышты.
Музейдин директору Кеңешбек Алмакүчүковтүн айтымында, музейде ак экран жок болгондуктан дааналар Германиядан алынып келген.
“Бул атриумда маалыматты бериш үчүн өзгөчө экран керек. Бизде экраныбыз жок, ошондуктан ушул ак талдарды концепциябыз боюнча экрандын ордуна алынган”, – деп Алмакүчүков белгиледи.
Маалымат боюнча, музейдин жааматы сатып-алуу иштерине тиешеси жок, бул ишти Мамлекеттик курулуш агенттиги алып барган.
Музейде консультативдик-дизайнердик кызмат көрсөтүүгө 394 миң евро сарпталган. Курулуш агенттигинин төрагасынын орун басары Урмат Бокочоровтун айтымында, конкурска беш жергиликтүү фирма катышкан. Алар сунуш кылган суммасына эмес, иштөө тажрыйбасына, техникалык базасына карап тандалган.
Андан сырткары, музейге алынган эмеректин баасы 414 миң евродон ашкан. Алардын баарын чет олкөдөн алып келишкен. Эки жыгач аттын фигурасын 28 миң еврого алып келишкен.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: