Министрлик 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып миграциялык каттоого туруу үчүн “Амина” мобилдик тиркемесин милдеттүү түрдө колдонуу талабы жайылтылган чет өлкөлүк жарандардын чөйрөсү кеңейтилерине Москва шаарында жана Москва облусунда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн бурат.
2026-жылдын 1-сентябрынан баштап, 18 жашка чейинки жарандардан тышкары, аталган талаптар жайылтылган адамдардын чөйрөсү кеңейтилет. Тактап айтканда, “Амина” мобилдик тиркемесин орнотуу, каралган жол-жоболордон өтүү жана белгиленген тартипте миграциялык каттоого туруу төмөнкү жарандар үчүн милдеттүү болот:
- 18 жаштан жогорку, Москва шаарынын жана Москва облусунун билим берүү уюмдарында окуган студенттер;
- көрсөтүлгөн аймактарда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө;
- Москва шаарына жана Москва облусуна эмгек ишмердүүлүгүнө байланышпаган жеке, конокко баруу, туристтик жана башка максаттарда бара жаткан жана болуу мөөнөтү 90 календардык күндөн ашкан жарандарга..
Министрлик Москва шаарында жана Москва облусунда жүргөн же аталган аймактарда жүрүүнү пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө “Амина” мобилдик тиркемесин алдын ала орнотуп, зарыл болгон жол-жоболордон өтүп, Россия Федерациясынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык миграциялык каттоону өз убагында тариздөөнү сунуштайт.
Кошумча суроолор жаралган учурда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине +7 925 285 50 47 телефону аркылуу, ошондой эле Консулдук департаментке +996 999 312 002 телефону аркылуу кайрылууну сунуштайбыз.
Маалымат булагы mfa.gov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: