Боом капчыгайында жайгашкан «Foodzone» кафесиндеги онкология менен ооруган балдар үчүн кайрымдуулук менен чогултулган каражатты белгисиз адамдар уурдап кетти. Бул тууралуу Help the Children-SKD коомдук сопчулук фондунун өкүлдөрү билдирди.

«Ыйык Орозо айты башталары менен баары жакындарына, бири бирине жардам берүүгө аракет кылат… Так ушул түнү Боом капчыгайындагы «Foodzone» кафесиндеги кайрымдуулук үчүн урнабызды уурдап кетишти! Жардам берүүнү суранабыз. Сүрөттөгү эркектер кайрымдуулук урнаны алып кетүүгө атайын келишкен. Бул нерсе биринчи жолу болгон жок!» – деп билдирүүдө белгиленген.

Эскертсек, урнадагы каражаттын баары онкология жана гематология оорулары менен азап тарткан балдарга жумшалат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.